Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында жарым финалга өттү

Кыска кабар , Спорт | 19 Сен 2019 | 652 | 1

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү.

Кыргыздын балбан кызы чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды.

Ушул күндөрү спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште алдыңкы беш орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет. Беттештерди «unitedworldwrestling.org» сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM