Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш менен ишкерлер ортосунда диалогду өнүктүрүү боюнча иш-чара өтөт

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 364 | 0

Эртең, 20-сентябрда Жогорку Кеңеш менен бизнес коомчулугунун ортосундагы диалогду өнүктүрүү маселелери боюнча пресс-кафе өтөт. Иш-чара Ишкерлер күнүнө карата уюштурулат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, бизнес ассоциациялардын жетекчилери катышат.

Анда Жогорку Кеңеш менен бизнес коомчулугунун ортосундагы диалогду калыптандыруу жараянындагы бизнес ассоциациялардын ролу боюнча талкулоо болот.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш менен бизнес коомчулугунун ортосундагы байланышты бекемдөө максатында 2017-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM