Биз менен байланышыңыз

Мурунку коопсуздук кеңешчиси Болтон Трамптын тышкы саясатын сынга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 461 | 0

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Жон Болтон президент Дональд Трамптын тышкы саясатын сынга алды. Трамптын ишмердиги тууралуу Нью-Йорктогу жабык жолугушуу учурунда айтканын Politico порталы жазды.

Айрыкча, Талибан кыймылынын лидерин президент Дональд Трамп АКШнын Кэмп-Дэвидде жайгашкан тышкы резиденциясына чакыруусу «одоно жаңылыштык» экенин белгилеген. Болтондун пикиринде, бул аракет 11-сентябрда теракттын курмандыгы болгон жарандарды сыйлабастык болуп саналат. Себеби, ошол учурда Аль-Каида кыймылына талибдер колдоо көрсөтүп, аларды жашырып калышканын айтты.

Ошондой эле, Түндүк Корея жана Иран менен мамиле түзүү идеясын сындап өттү. Анын айтымында, эки өлкө өз кызыкчылыктарына карап, Американын санкциялык режимин жеңилдетүү эле аракетин кылышууда.

Эске салсак, Трамп 10-сентябрда  Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан бошоткон. Аны кетирүүгө көптөгөн маселелерде жаралган пикир келишпестиктер себеп болгон. Тактап айтканда, ал кеңешчисинин Түндүк Корея жана Венесуэла боюнча сунуштарын сынга алган. Болтон бул кызматка 2018-жылы 9-апрелде дайындаган болчу.

Кошумчалай кетсек, Жон Болтондун ордуна Роберт О’Брайенди дайындады. Ал буга чейин мамлекеттик департаментте эмгектенип, аны менен катар президенттин туткундар маселеси боюнча атайын кеңешчиси кызматын аркалаган. Бул Трамптын президент болгондон берки улуттук коопсуздук боюнча 4-кеңешчиси болмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM