Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Мадумаров кол койгон протоколду Жогорку Кеңеш тааныган эмес

Кыска кабар , Саясат | 19 Сен 2019 | 684 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протоколду парламент тааныган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө билдирди.

 — Төрт-Көчө боюнча Мадумаров кол койгон протоколду Жогорку Кеңеш тааныган жок. Бирок Тажикстан таанып жатат. Таанып, ошого таянып туруп, сиз (Мадумаров — ред.)  берген үмүткө таянып, «бул биздин жер, бүгүнкү күнү оюбуздан кайттык. Аны ратификацияга бербейбиз, ижарага бербейбиз», — деп, курулушун улантып жатат.

 Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров сөз болуп жаткан протокол 100 пайыз туура болгонун айтат.

— Бул протокол 100 пайыз туура болгон. Негизи протокол деген үмүт. Ушундай ишке андан ары кетели дегендик. Эгемен кыргыз жолу курулуп келди, анан Көк-Ташка келгенде токтоп калды. Биз жолду улантышыбыз керекпи, же токтотушубуз керекпи? Эки жолу бар: согушушубуз керек же делимитация, демаркация маселеси чечилгенге чейин биз алардын «бизде» деп жаткан жолун алабыз. Бизде деп жаткан жерден алар ток алып өтөт. Эгерде Жогорку Кеңеш күчтүү, сабаттуу болуп, шартты аткарбагандыгы үчүн Мадумаровдун кол койгон протоколун жокко чыгарып койсо болот.

 Эскертек кетсек, «Тажик тарапка өтүп кеткен жер боюнча протоколго ошол кезде УКМКнын жетекчиси болуп турган Адахан Мадумаров кол койгон» деген социалдык тармактарда кызуу талкуу болууда.

Copyright © 2017 Maral FM