Биз менен байланышыңыз

Мадумаров мыйзам бузуулар тууралуу 6 фактыны айтты

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 2494 | 1

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча билдирүүсүн жолдоду. Ал  төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

Президенттик шайлоо өлкөдө мыйзамдуулуктун орношуна, легитимдүү бийликтин келишине шарт түзөт деп үмүттөнгөнбүз. Тилекке каршы, октябрда өткөн Жогорку Кеңешти шайлоо учурунда одоно мыйзам бузууларга жол берген БШК 10-январда өткөн президенттик шайлоодо да ошол эле жол менен кетип, мыйзам бузууларга бөгөт койгон жок. Мисалы:

Биринчи.

6-январда Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын автоматтык режимде эсептей турган урналардын иштөөсүн текшерүү (тестирлөө) жүргүзүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге катышты. Бул — мыйзамсыз. Бул иш-чарага президенттикке талапкерлерди, байкоочуларды, эксперттерди  катышууга чакырбай, жашыруун  өткөрүлдү. Муну менен мыйзам бузуу эле эмес, Улуттук коопсуздук  кызматы шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга толук ээ болду. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси К. Ташиевдин бул маселеде кызыкчылыгы бар экенин эске алып, биз автоматтык эсептөө программасын кайра орнотууну Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылдык. Биздин талапты Борбордук шайлоо комиссиясы караган да, жооп берген да жок. Натыйжада Улуттук коопсуздук кызматы өзү каалагандай, акылга сыйбай тургандай, президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга мүмкүнчүлүк алды. Ошондуктан 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы толугу менен күмөндүү деп эсептейм. Шайлоонун жыйынтыгы Улуттук коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө калып жаткандыктан демократия түп-тамыры менен тебеленди десе болот.

Экинчи.

Өлкөбүздүн Конституциясынын 68-беренесине ылайык, Президенттин ыйгарым укуктарын аткарган С. Жапаров мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышууга укуксуз экенин белгилеп, айрым талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына, сотко кайрылса да, эч кандай чара көрүлбөдү.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамдын 8-беренесине ылайык, «мыйзамдар менен белгиленген тартипте алынып салынбаган соттуулугу бар адамдар Премьер-министр болуп дайындалууга, шайлоого катышууга укуксуз» болгонун биз белгилеп, анан Жогорку Соттун маалымат кызматы С. Жапаров соттон актала элек деп тараткан маалыматын кошо тиркеп, премьер-министрлик кызматты мыйзамсыз ээлеп, мыйзамсыз шайлоого катышып жаткан С. Жапаров боюнча шайлоо комиссиясынан, соттон мыйзамдуу чараларды көрүүнү талап кылдык. Натыйжа жок.

Үчүнчү.

Шайлоо учурунда өлкөбүздүн борбордогу жана жер-жердеги бийликтери, шайлоочуларды айылдардан райондун борборлоруна ташып, талапкер С. Жапаров менен атайын жолугушууларды уюштурду. Ал эми калган талапкерлерге шайлоочулар менен жолугушууга бир да шарт түзгөн жок. Ошого карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы бийлик өкүлдөрүнө, баардык талапкерлерге бирдей шарт түзгүлө деп бир да эскертүү берген жок.

Төртүнчү.

Талапкер С. Жапаров шайлоого топтогон жана сарптаган каражаттарын ал элден, пенсионерлерден чогулду деп айткан маалыматы жалган чыгып, ал каражаттар айрым адамдардан, айрым ишкерлерден, айрым шектүү чет элдик компаниянын ээлеринен ири өлчөмдө чогулганы билинип калса да,  булактары шектүү болсо да, Борбордук шайлоо комиссиясы С. Жапаровду шайлоодон четтеткен жок.

Бешинчи.

Шайлоо жана үгүт учурунда мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгүн С. Жапаровдун тарапташтары жасаганына карабай, Борбордук шайлоо комиссиясы С. Жапаровду шайлоодон чыгаруу маселесин караган жок.

Алтынчы.

Бийлик тараптан талапкер болуп аттанган С. Жапаровдун мыйзам бузууларын биз кайра-кайра атап, Борбордук шайлоо комиссиясына жана сотторго бир нече ирет кайрылсак да, биздин мыйзамдуу талаптарыбызды Борбордук шайлоо комиссиясы бир да жолу канааттандырган жок.

Жогоруда келтирилген көп сандаган мыйзам бузуулар Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкер С. Жапаров менен жашыруун кызматтык келишими бар экенин айгинелейт. Ошондуктан мындай ыплас өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын  таануу мыйзамсыз болот деп эсептейм.

1 пикир

1 пикир

  1. Минюра

    12.01.2021 18:26

    Аайй ушул Мадумаров койбоду…женилишти да туура кабыл алуу эрдик . Как будто мындан мурун 30 жыл мыйзам аткарылып келгенсип. Даже смотреть противно на него… какой гнилой человек… Авам раматылык мындан 20 жыл мурун айтты эле:»Бул ото куйту ,кыйтыр ,начар адам экен деп.» Дагы бир жолу ото таамай айтылганына ишенип отурам

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM