Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Президент 3-ирет аппарат жетекчисин алмаштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 426 | 0

Казакстан президенттик аппаратынын жетекчиси болуп Ерлан Кошанов дайындалды. Мындай жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Ерлан Кошанов буга чейин Караганда облусунун акими кызматын аркалаган.

Белгилей кетсек, мындан 2 ай мурда эле Казакстан президенттик аппаратынын жетекчиси болуп Крымбек Кушербаев дайындалган болчу. Эми ал мамлекеттик катчы кызматын аркалай турган болду.

Ушул жылдын март айында президент болуп шайланган Токаев 3-ирет аппарат жетекчисин алмаштырды.

Copyright © 2017 Maral FM