Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» II этабы качан ишке ашары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Сен 2019 | 622 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун II этабын ишке ашыруу боюнча конкурстук комиссиянын чечими чыкты. Эми кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоордун II этабын ишке ашыруунун мөөнөтү ишкана менен түзүлгөн мамлекеттик келишимде белгиленип, кол коюлат.

«II этабда 7 облус, 2 шаарды камера менен камсыз кылуу маселесин карап жатабыз. Анын ичинде 360 көчмө аппараттык комплекс коюлат. Ал үчүн жолдун инфраструктурасы каралат. Бул боюнча алдын ала иштер жүргүзүлүүдө» — дейт Саркулов.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаардын» II этабынын алкагында жол кыймылын бузууларды жаздыра турчу фото жана видео аппараттардын жардамы менен топтолгон маалыматты автоматтык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендердик сынакта «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Аталган ишкана долбоорду ишке ашырууга 2 млрд 654 млн  558 миң 940 сом сунуштаган.

Ал эми тендердик конкурска катышкан «Вега — Радиотүзүлүш концерни» акционердик коому – 4 802 338 446 сом, «Маалыматтык коопсуздук куруму» ЖЧКсы – 5 067 794 340 сом сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM