Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 761 | 0

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан 5 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен төртөө баштапкы тартипте иштеп жатат.

Ал эми «Кулунду-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 17-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрмө бекеттен эч кандай чектөөсүз өтө алышат.

Учурда Чек ара кызматынын аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM