Биз менен байланышыңыз

Президент чек арадагы атышууда жаракат алгандардан кабар алды (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 926 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен да баарлашты. Жаракат алгандарга Президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Чек ара чырында жаракат алгандар Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районундагы чек ара участогундагы атышуудан 1 аскер каза болгон. Дагы 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен 10 адам Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, жаракат алган дагы үчөөнүн абалы оор болгонуна байланыштуу Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон эмес. Аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM