Connect with us

Өкмөт Баткендеги чек ара чыры боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берет

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 534 | 0

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу Өкмөттүн маалыматын бүгүн саат 14:00дө угушат. Муну Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуштап, ал колдоо тапты.

«16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында күтүлбөгөн кырсык болуп кетти. Шейит кеткен аскер, жаракат алган жарандар болду. Премьер-министр, депутаттар Баткенге барышып, эл менен жолугушту. Ошолордун баарын эске алып, бүгүн саат 14:00дө премьер-министрди чакырып, маалымат уксак. Ал эми чек ара маселеси тууралуу токтомдордун аткарылышы боюнча маселени кийинки аптада карасак», — дейт Дастанбек Жумабеков.

Төраганын сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат айылында эки элдин чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Андан 1 аскер каза таап, 14 адам жаракат алган. Арасында өспүрүм бала да бар.

Copyright © 2017 Maral FM