Биз менен байланышыңыз

Бишкекке алынып келинген жабырлануучулардын абалы туруктуу

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 415 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркап, Бишкекке алынып келингендерге учурда медициналык текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен дарылоо схемасы түзүлөт. Учурда баарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Травматология жана ортопедия борборуна алынып келинген 10 жабырлануучунун экөөсү аял жана бирөө жаш бала.

Мындан сырткары, учурда 3 жабырлануучу Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Алардын экөөнө операция жасалып, абалы оор. Дагы бир жабырлануучуга ушул тапта операция жасалууда.

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар Бишкекке алынып келинди (видео)

Copyright © 2017 Maral FM