Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Бардык күчүбүздү чек араны улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 797 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Айылдын тургундары менен жолугушуу учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, чек ара маселелерин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочуларын колдоо мамлекет үчүн өзгөчө көзөмөлдөгү артыкчылыктуу маселе болуп саналат.

«Өкмөт бардык талаштуу тилкелерди тезинен макулдашуу жана чек ара маселелерин чечүүдө болушунча оңдуу жылыштарга жетишүү үчүн Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди күчөтөт. Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз. Бул сыяктуу маселелер терең ойлонулган чараларды, таразаланган мамиле жана убакытты талап кыларын биз мойнубузга алууга тийишпиз», – деди Өкмөт башчысы.

Премьер-министр Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Өкмөт башчы тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномет менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин инфратүзүмүн көрүп чыкты.

Андан соң Абылгазиев Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды кабыл алуунун, ошондой эле чек ара аймактарынан күчтөрдү чыгаруунун  зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү демилгелешти.

Copyright © 2017 Maral FM