Биз менен байланышыңыз

Катарга элчи жана Орусиянын бир катар облустарынын консулдары дайындалды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 489 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Бийбосунов Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.

Чыңгыз Эшимбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле, Калдарали Маматалиев Орусиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды.

Мындан сырткары, Бообек Салимжанов Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM