Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин туулган күнү белгиленбей калды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 159 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата пландаштырылган чыгармачылык кече өткөрүлбөй калды.  Бул маалымат Атамбаевдин Инстаграм баракчасына жайгаштырылды.

Кеченин өткөрүлбөй калганынын себеби, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жагдайга байланыштуу экенин партиядан кабарлашты.

Эскерте кетсек, бүгүн 17-сентябрда Горький атындагы эс алуу багында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата тарапташтары чыгармачылык кече уюштурмак. Анда Алмазбек Атамбаевдин чыгармалары кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусунда жаңырып, каалоочулардын куттуктоолорун атайын альбомго жазып, кийин Атамбаевдин өзүнө жиберишмек.

Таласта Улуттук Көчмөндөр оюндары уланат

Copyright © 2017 Maral FM