Биз менен байланышыңыз

«Өзүңдү тааны» долбоору жаштарды маданиятка үндөйт

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 422 | 0

Маданият маалымат жана туризм министрлиги демилгелеген «Өзүңдү тааны» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн алгачкы семинар Кочкор районунун Маданият үйүндө өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жаштардын жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен өткөрүлгөн семинарга министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Болот Тентимишев катышты.

Долбоор негизинен жаштардын адабиятка, маданиятка, тарыхка, дегеле улуттук өзгөчөлүктөргө болгон кызыгуусун ойготууну максат кылат.

Copyright © 2017 Maral FM