Биз менен байланышыңыз

Кыргыздын грек-рим күрөшүнөн балбаны Каныбек Жолчубеков дүйнө чемпионатында килемге чыгат

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2019 | 436 | 0

Бүгүн Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнүн акыркы үч салмактагы балбандары күрөшкө түшөт. Кыргыздын атактуу балбаны Каныбек Жолчубеков бүгүн килем үстүнө чыгат.

60 кило салмактагы балбаныбыз мелдештин квалификациялык этабында түркиялык Керем Камал менен кез келет.

Дүйнө чемпионатында бүгүн ошондой эле, 77 кило салмакта Кайрат Түгөлбаев финляндиялык Нико Олави Оскари ЭРККОЛА менен беттешет. 130 кг салмакта Мурат Рамонов польшалык Рафал Анджей КРАЕВСКИЙ менен күрөшкө чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM