Биз менен байланышыңыз

Нарын: Кубакы ашууусунда болгон жол кырсыгынан бир аял жабыркады

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 474 | 0

Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон жол кырсыгынан бир аял жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа жолдун Кочкор районуна караган бөлүгү — Кубакы ашуусунда ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы менен Мерседес-Спринтер маршруттук унаасы кагышкан. Натыйжада 1963-жылы туулган Ж. С. аттуу аял жабыркаган.

Атайын чакырылган куткаруучулар жабыркаган жаранды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM