Биз менен байланышыңыз

Мусабекова мааракелерди өткөрүүгө 5 жылдык мораторий жарыялоону сунуштады

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 972 | 0

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Жылдыз Мусабекова өкмөт тарабынан уюштурулуп жаткан мааракалерге, той-топурларга мораторий жарыялап, ал багытка кеткен акчага элге керек болуп турган мектеп, бала бакча, оорукана куруу зарыл экендигин белгиледи.

Элибизге мектеп, бейтапкана жетпей, балдарыбыз чатырларда окуп, ооруган адамдарыбыз бейтапканаларга батпай жаткан мезгилде өкмөт кино, сериалдарды тартканга акча бөлүп жатат. Азыркы учурда бизге тойлордун, мааракелердин кереги жок. Балатыларды кооздобой турсак деле болот. Ошол каражатка бир топ мектеп салып берсек, элдин социалдык маселелерин чечкен болот элек, — деди депутат.

Мындан сырткары эл өкүлү Мусабекова Кочкор районундагы Ормон Хан айылындагы мектептин көйгөйлүү маселелерине Өкмөттүн көнүл буруп, көйгөйүн чечип берүүнү суранды.

Copyright © 2017 Maral FM