Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «Мугалимдеринин арасында атаандаштык түзүлүш керек»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 626 | 0

Мамлекет жарандардын ден соолугуна кам көрүү жана балдарга сапаттуу билим берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Биздин максат – бул билимдүү жана дени сак балдар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районунун Комсомол айылындагы мектептин ачылыш салтанатында билдирди:

-Биз буга чейин ата-энелер 1-класстан баштап баласын билимге болгон ынтызарлыкты өрчүтө алган күчтүү мугалимге берүүгө далалат кылып келгенин билебиз. Мектептерге өз кесиби боюнча шыгы барлардын келиши үчүн биз мугалимдер арасындагы атаандаштык чөйрөсүн жандандыруубуз керек, — деди Абылгазиев.

С. Өмүрбаев атындагы орто мектеп буга чейин 2 корпустан турчу. Бул мектеп 2006-жылы болгон жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келген. Жалпы суммасы 51 млн сомду түзүп, 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Мектептеги 393 окуучуга 35 мугалим сабак берет.

Премьер-министр ошондой эле Кочкор районунда дагы үч мектептин абалы менен таанышты. Ал окуу мекемелеринин абалы мыкты экендигине ынанып, бул билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын жыйынтыктарынын бири деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM