Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде 19-сентябрда таза суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 375 | 0

19-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде саат 9.00дөн 17.00гө чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айтылган күнү төмөнкү даректерге таза суу берилбейт:

  • Анкара, Ауэзов, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жол аймагында;
  • Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач жаңы конушунда;
  • Ала-Тоо эл аралык университетинде, №18-лицейде, Физиология институтунда;
  • «Реемстма» ААК, «Алтын-Ажыдаар» ЖЧК, «Ысык Нан» ЖЧК, «Ак-Жолтой» АК, «Аман-Жол» АК, «Кыргызэнергоремонт» АК, «Антибиотики» ААК, «Зинанын торту» АК, «Мобелла» ЖЧК;
  • «Сулуутор» кондоминиумунда, «САБ №1», БУПП-3, «Аю Гранд Комфорт» соода борборунда, Унаа куруу заводунда, Республикалык МАИ, Шаардык муз тебүү жеринде, Исакеев көчөсүндөгү Сүт цехинде;
  • «СЭМ» компаниясында, ПТУ №93, Тейлөө борбору №2 Мамлекеттик каттоо кызматында;

Copyright © 2017 Maral FM