Биз менен байланышыңыз

Лейлек чек арачылары Тажикстандан чыккан 1 млн сомдук аткезчилик жүктү колго түшүрдү

Кыска кабар | 14 Сен 2019 | 625 | 0

Чек арачылар Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арадан 1 миллион сомдук аткезчилик товарды колго түшүрүштү.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Анда айтылгандай, бүгүн Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары бажы кызматынын өкүлдөрү менен бирге Тажикстандан чыккан аткезчилик жүктү колго түшүргөн. 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны ичине кислород баллону, 10 даана тигүүчү машина, жарым тонна жаңгак жана 49 түргөк баштык жүктөлгөн “Мercedes- Sprinter” унаасы менен өткөрмө бекеттен сырт жерден чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аркет кылган. Айдоочуда товардын мыйзамдуулугун тастыктоочу документтери да болгон эмес. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы болжол менен 1 миллион сомго жетет.

Тийиштүү документтер толтурулуп, жүк Бажы кызматынын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM