Биз менен байланышыңыз

«Жол картаны» ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 500 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында премьер-министрдин  ушул жылдын 5-июлундагы № 370 буйругу менен түзүлгөн Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоонун баскычтуу «жол картасын» ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү.

Жыйында административдик-аймактык түзүлүштүн модели сунушталды, ага эки багыт киргизилген:

— мамлекеттик башкаруунун жаңыланган тутуму, ал бийликтин таасирдүү вертикалын түзөт;

— жаңы административдик-аймактык бөлүштүрүү башкаруу тутумун реформалоону ишке ашырат. Ошону менен бирге башкаруучулук реформа административдик түзүлүштөрдүн чек араларына карата баштапкы жана башкы милдет болуп саналат;

Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнө министрликтердин жана административдик мекемелердин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жакын арада жер-жерлерде мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана түзүлүштөрүнө тыкыр талдоо жүргүзүү максатында республиканын аймактарына сапар уюштуруу, ошондой эле административдик-аймактык түзүлүштүн моделинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү сунуштарды иштөө тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM