Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин туулган күнүнө карата чыгармачылык кечеси уюштурулат

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 784 | 0

17-сентябрь саат 16.00дө Горький атындагы паркта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата тарапташтары чыгармачылык кече уюштурат. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, кечеде Алмазбек Атамбаевдин чыгармалары кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусунда жаңырат. Ошондой эле, каалоочулардын куттуктоолору атайын альбомго жазылып, кийин Атамбаевдин өзүнө жиберилет.

«Биз Бишкек шаарынын мэриясына коомдук тартипти сактап берсин деген тиешелүү билдирүүнү жибердик. Бул жөн гана чыгармачылык кече, тынч иш-чара болот. Муну көпчүлүгү тынчтык митинги деп туура эмес түшүнүп алышты», — деди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевди КТРК аркылуу куттуктоого тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM