Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Жалпы 17 мектеп авариялык абалда дегенге ишенбейм

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 709 | 0

Кыргызстанда жалпы 17 гана мектеп авариялык абалда деген маалыматка ишенбейм. Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков КСДП фракциясынын 13-сентябрдагы билим берүү тармагы боюнча маселелерди караган жыйынында айтты.

Момбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө кайрылып: «Өзүңөрдүн отчётуңардын биринчи барагында учурда 17 мектеп авариялык абалда деп жатасыңар дагы, экинчи барагында авариялык мектептердин саны 2017-жылы 193 деп жатасыңар. Биз кайсысына ишенебиз? 17 мектепти кандай критерийлердин негизинде аныктап чыктыңар? Бул мектептер дагы контейнер мектептин деңгээлине жетип калгандарбы?», — деди Момбеков.

Ал ошондой эле былтыр Чоң-Алай районуна караштуу Ачуу-Суу айылындагы мектептин авариялык абалда болгонуна карабай, авариялык мектептердин тизмесинде жок экендигин белгиледи.

«Же ал жактан депутат жок болгондуктан, тизмеде жокпу? Ар бир класста бирден буржуйка меш турат. Союз учурунда чабандар койлор козу салып койбосун деп, буржуйка меш койчу. Анан Чаткал, Ак-Талаа деген бар. Мына ушул үч райондун Жогорку Кеңеште эл өкүлү жок. Мектептеринин тең жарымы авариялык абалда», — деди Момбеков.

Copyright © 2017 Maral FM