Биз менен байланышыңыз

Мечиттерде уурулук кылып жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 627 | 0

Ушул жылдын май айында Ноокат районунда уурулук көп катталып жатканы боюнча аталган райондун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине арыз-даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Келип түшкөн арыздардын негизинде Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, изилдөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1997-жылы туулган тургуну А. М. аттуу жаран кармалды.

Ал Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Баткен облусунунун, Ысык-Көл облусунун аймактарында да уурулук кылып жүргөнү аныкталды.

Бул жаран Ноокат районунун аймагынан төмөндөгү жарандарга зыян келтирген:

  1. 4-май күнү саат 11:00 чамасында 101-каттамдагы кичи автобус менен Ноокат шаарын көздөй бара жаткан 1990-жылы туулган М. Знын сумкасынан «Redmi Note-5» үлгүсүндөгү кол телефону уурдалган;
  2. 27-май күнү 1997-жылы туулган Т. Р.нын  «Redmi-5 +» үлгүсүндөгү кол телефону Ноокат шаарынын борбордук базарынан уурдалган. Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден качып кетишкен;
  3. 1977-жылы туулган Н. Д. аттуу жаран 2019-жылдын 1-июнь күнү саат 20:00 чамасында жана 2019-жылдын 2-июнь күнү саат 10:00 чамасында Ноокат шаарынын Эргашов көчөсүндө жайгашкан эч ким жашабаган үйүнө белгисиз адамдар кирип, 3500 сомдук велосипедин, 3000 сомдук алюминий шатысын, 500 сомдук балтасын, 200 сомдук болгарканын дисктерин уурдап кетишкенин айтып, арыз менен кайрылган;
  4. 2-июлдан 3-июлга караган түнү 1987-жылы туулган Х.Ф.нын Ноокат шаарынын М.Эргашев көчөсүндө жайгашкан «Гастраном-Анар» жеке менчик дүкөнүнөн төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалды талкалап, ичинен 35 290 сомду алып кетишкен;
  5. 5-июлдан 6-июлга караган түнү Кара-Таш айылынын тургуну А. А.нын дүкөнүнөн 3190 сомдук товарларын уурдап кетишкен;
  6. 3-июль күнү саат 14:00 чамасында Ноокат шаарынын борбордук базарындагы контейнеринде соода кылып жаткан 1973-жылы туулган А кызы Г.нын кол сумкасы уурдалган. Сумканын ичинде 56 000 сом жана жарандык паспорт болгон;
  7. 1977-жылы туулган Т.М. аттуу жаран 2019-жылдын 22-июль күнү саат 10:00 чамасында Ноокат шаарында жайгашкан Т.М.га тиешелүү дүкөндөн «SAMSUNG G-2» үлгүсүндөгү кол телефону уурдалганын айтып, арыз менен кайрылган;
  8. 29-июль күнү болжол менен 11:30дар чамасында Ноокат райондук ооруканасынын сынык-жарат бөлүмүнүн кийим алмаштыруучу жайында турган Кыргыз-Ата айылынын 1968-жылы туулган тургуну М. У.нун сумкасынан паспорту, дисконттук картасы жана 500 сому уурдалган;
  9. 29-июль күнү болжол менен 11:30 чамасында Ноокат райондук ооруканасынын сынык-жарат бөлүмүнүн кийим алмаштыруучу жайынан К.Г.га таандык паспорт, 400 сом, 2 даана дисконттук карта жана картанын ичиндеги 1500 сом акча уурдалганы боюнча билдиришкен.

Жогоудагы фактылар Кылмыш-Жаза Кодексинин 90 жана 200-беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM