Биз менен байланышыңыз

Мамасалиев: Комиссия бийликке да сунуштарын берет

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2019 | 485 | 0

Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча азыркы бийлик да жооптуу болушу керек. Бул тууралуу аталган окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Алишер Мамасалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал комиссиянын чечиминде бийликке кадр маселеси, жетекчилердин жоопкерчилиги боюнча бир катар сунуштар берилерин айтып, комиссиянын корутундусу тарыхый документ болорун белгилейт.

«Буга чейин мындай саясий окуя болгон эмес. Учурда тергөө процесси жүрүп жаткандыктан, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат бере албайм. Анткени, тергөө процессине таасирин тийгизиши мүмкүн», — дейт Мамасалиев.

Маалыматка караганда, комиссия 2 топко бөлүнүп, өз ишин баштаган. Анын максаты, жумуштун форматы, ыкмалары бекитилген. Комиссия бүгүнкү күнгө чейин 4 жолу жыйынга чогулган. Ал эми катчылык күн сайын иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM