Connect with us

«Зарыл болсо, Атамбаевден да маалымат алабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2019 | 530 | 0

Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Алишер Мамасалиев «Марал» радиосуна берген маегинде зарылчылык болсо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден да маалымат алынарын билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын мүчөлөрү окуяга катышкан негизги адамдардын оюн уккан. Анда саясатчы Равшан Жээнбеков менен ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов өз версиясын айтып берген.

«Кээ бир учурларда бийлик өкүлдөрүнүн версиясы күмөн жаратты. Токтомдун негизинде Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүү боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо жана калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылууну уюштуруу боюнча өкмөттүн иши жетишсиз деп табылды», — дейт Мамасалиев.

Ал кошумчалагандай, 7-8-августта болгон окуядан соң парламент кезексиз жыйынга чогулуп, мамлекеттик органдар аткара турган иштер боюнча тапшырмалар берилген. Алсак, тергөө процессин ИИМ менен Аскер прокуратурасы өткөрүүдө. Атамбаевди кармоо учурунда тийиштүү органдардын аракетине прокуратура баа берет. Ал эми комиссия окуянын себептерин анализдейт.

Copyright © 2017 Maral FM