Биз менен байланышыңыз

Европа өнүктүрүү банкы өлкөгө 730 млн. долларга жакын инвестиция салган

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 522 | 0

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери өлкөнүн ар түрдүү экономикалык секторуна дээрлик 730 миллион доллар салган. Бул маалымат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен аталган банктын Директорлор кеңеши жолуккан учурда айтылганын Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Долбоорлордун учурдагы портфели азыркы тапта 184 миллион еврону түзөт, активдүү портфелдик 71 долбоор бар. Анын ичинен энергетикалык сектор — 5%, финансы институттары — 24% жана өнөр жай, соода жана агрардык тармак -18%. Ошол эле учурда жеке сектордун үлүшү дээрлик 53%.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытында саламаттыкты сактоо, шаардык инфратүзүм, спорт жана туризм, транспорт, билим берүү, бажы логистикасы жана маданият тармактарын колдоо боюнча ЕРӨБгө 23 долбоор берилген. Анын 3 долбоору жүзөгө ашырылып жатат, 12 долбоорго даярдык көрүлүүдө, ал эми 7 долбоор демилгелөө этабында болсо, бир долбоор жеке өнөктөштү тандоо стадиясында.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күнү аймактарды өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыздоого, ирригацияны өнүктүрүп, жаңы сугат жерлерин киргизүүгө, санариптик трансформация программаларын ишке ашырууга, бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган долбоорлор Өкмөттүн жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы артыкчылыктуу тармактар болуп саналарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM