Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевди кармоодо Асанов да, Жунушалиев да сүйлөшкөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2019 | 1094 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо опреациясында аны менен Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да, министр Кашкар Жунушалиев да сүйлөшкөн. Бул тууралуу Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Медетбеков, Асанов милициянын кызыкчылыгын сатты дегенден алыс экенин белгилейт.

«Тергөө аяктаганда баары ачык-айкын билинет. Учурда коомдо түрдүү пикирлер айтыла берет. Комиссия  бир тараптуу иштебейт. Атамбаевдин тарапташтарынын да үнүн угабыз. Анткени, мүчөлөр комиссиянын чечими менен макул болбосо, өз пикирин айтып чыгууга укуктуу. «Альфанын» жоокерлеринин операция жүргүзүүгө болгон укугун да иликтейбиз», — дейт Медетбеков.

Анын айтканына караганда, 7-августта операцияны ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов жетектеген. Ал эми 8-августта операцияны ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев баштаган, ага Асанов да катышкан.

«ИИМдин жетекчилиги менен УКМКнын төрагасынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде токтом УКМКга берилип, Атамбаевди күч колдонуу менен алып келүү боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Атамбаевдин жанында жүргөн күзөтчүлөр УКМКнын кызматкерлери болгон. ИИМдин кызматкерлеринин ортосунда чатак чыгып кетпеши үчүн УКМКнын кызматкерлери өздөрү мүмкүнчүлүк түзүп, сүйлөшүүнүн негизинде алып келүүгө шарт түзөт деген максатта берилген деп ойлойм. Мыйзам чегинде Атамбаевди кармоо операциясы жүргүзүлгөн», — дейт Медетбеков.

Медетбековдун пикиринде, 7-августта укук коргоо органдары аскердик куралдарды колдонууга укуктуу эмес болчу. Атайын кызматтагы аскерлерге таш ыргытылганда желим октор менен аткан. Ал эми 8-августта укук коргоо органдары аскердик курал колдонуусуна бардык негиздер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM