Биз менен байланышыңыз

«Опумбаев менен Жунушалиевди кызматтан четтетүүнүн кажети жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2019 | 737 | 0

Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиевди кызматтан алуу боюнча Өкмөткө сунуш бере алат. Бирок азырынча анын кажети жок. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү Алишер Мамасалиев «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Аламазбек Атамбаевди кармоо операциясынын жана Атамбаевдин айланасында жүргөн адамдардын аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча юридикалык бааны сот гана берет. Коммисиянын соттун чечими чыкканга чейин кандайдыр бир баа берүүсү эрте. Комиссия бардык документтерди кенен анализдеп чыгышы керек.

Буга кошумча, ошол эле комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков Опумбаев менен Жунушалиев кызматынан убактылуу алынса, иликтөө иштериндеги процесстерден четте калышарын айтат.

Ошондой эле Опумбаев менен Жунушалиевдин таасир көрсөтүүчү рычагы сакталган күндө да комиссия объективдүү маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт.

Эске салсак, 29-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM