Биз менен байланышыңыз

Ички мигранттардын тең жарымын 20-34 жаш курактагылар түзөт

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 383 | 0

Мурдагыдай эле Чүй өрөөнүнө башка аймактардан көчүп келүү көбүрөөк, ал эми калган аймактарда калк азайып баратат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

2018-жылы ички миграциянын агымы Бишкек шаарында 64,4 пайызды, ал эми жалпы Чүй облусунда 35,6 пайызды түзгөн. Аталган жылы эң көп көчүп кетүү Нарын облусунда катталган.

Мунун негизги себеби жумуш издөө болуп эсептелет. Мындан улам ички мигранттардын дээрлик жарымын, башкача айтканда 48,9 %ын 20-34 жаштагылар түзөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-июнунда 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын ички миграциясы 14,4 пайызга төмөндөгөнү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM