Биз менен байланышыңыз

АКШнын Жогорку соту Трамптын мигранттарды чектөөсүнө уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 446 | 0

АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын чет элдик мигранттарга чектөө коюусуна уруксат берди. Бул Жогорку соттун эң чоң жетишкендиги болгондугун белгилейт Трамп. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Эске салсак, Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын агымын Америкадан башпаанек алуу укугунан ажыраткан Трамптын жарлыгын АКШнын Жогорку соту убактылуу артка кайтарган болчу. Анын айынан Трамп менен Жогорку сот кайым айтышууга чейин барган. Президент андай чечимди чыгарган судьяны «Обаманын судьясы» деп атаган жайы бар.

Мигранттар маселеси Трамп менен Жогорку сотту кайым айтыштырды

 

 

Copyright © 2017 Maral FM