Биз менен байланышыңыз

Мигранттар маселеси Трамп менен Жогорку сотту кайым айтыштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 667 | 0

Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын агымын Америкадан баш паанек алуу укугунан ажыраткан Трамптын жарлыгын АКШнын жогорку соту убактылуу артка кайтарды. Мигранттардын жактоочуларынын арызында президенттин бул жарлыгы баш мыйзамдагы «Өз өлкөсүнөн кысым көрүп, куугунтук жеген ар бир жаран Америкадан баш паанек сураса кабыл алынат» деген беренеге каршы келерин айтышкан.

Бирок Жогорку соттун мындай чечимине өлкө президенти Дональд Трамп нааразылыгын билдирип, бул чечимди чыгарган судьяны «Обаманын судьясы» деп атады.

2005-жылдан бери Жогорку сотту жетектеп, бир да жолу Америка башчыларына ачык жооп бербей келген Жон Робертс  Трамптын бул сөзүн жоопсуз калтырган жок.

Твиттердеги баракчасынан: «Жогорку сотто бир дагы Трамптын, Обаманын, Буштун же Клинтондун судьясы жок. Бардыгы өз ишин майын чыгара жасап, жарандардын тиешелүү укугун корголушун камсыздаган өзгөчө судьялар»,-деген пикирин жарыялады.

Ал эми Трамп бул жоопко да каршы пикирин билдирип, «Кечиресиз, Жон Робертс. «Обама судьяларыңыз» бар жана алар бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн жооп берчү кишилерден башкача ой-пикирге ээ. Алардын мигранттар боюнча чыгарган чечимдери өтө кооптуу жана акылга сыйбас»,-деп жазды.

Серепчилер Жогорку соттун жетекчисинин үн катышын Америкадагы саясий кырдаалдын оорлоп калганына байланыштырышууда. Алар Жон Робертстин бул кадамын буга чейинки ар кандай кооптуу натыйжаларга алып келген Трамптын негативдүү сөздөрүнө «Болду, жетишет!» деген белгини берип жатканын божомолдошууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM