Биз менен байланышыңыз

«Парламенттик шайлоодо бир мандат 500 миң долларга чыгышы мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 666 | 0

2020-жылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттын баасы 500 миң долларга чыгышы ыктымал. Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоо оор жана кымбат болот. Анткени, шайлоонун босого упайы 9%га көтөрүлгөн. Учурда Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын жарымынан көбү 2020-жылы кайра парламентке келет.

Молдокматов буга кошумча, азыркы Конституцияда бийлик бутактарынын жоопкерчилиги каралбай калганын сынга алды

«Буга чейинки Башмыйзамдар эл үчүн жазылган эмес. 2020-жылга чейин референдум өтпөйт. Конституцияны өзгөртүү үчүн ЖК сапаттуу болушу керек. Ал эми парламент сапаттуу болушу үчүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет. Парламентти жакшыртып, конституциялык кеңешме түзүлүп, Башмыйзам 1 жылдан кем эмес коомдук талкууга коюулушу керек», — дейт Молдокматов.

Copyright © 2017 Maral FM