Биз менен байланышыңыз

«Латын арибине өтүү экономикага оор чыгым келтирбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 804 | 0

Латын арибине өтүүнү чоң түйшүк катары карабоо зарыл. Ал элге, экономикага оор чыгым келтирбейт. Бул тууралуу филология илимдеринин доктору, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ааламдашуу процессинде кыргыз тилин жоготуп алуу коркунучу жаралууда. Кыргыз эли дүйнөлүк трендден бөлүнүп кала албайт.

«Алфавитти алмаштырууга көп каражат кетет деген сөз замандын өнүгүүсүн байкай албагандык. Азыр санариптешүү доору, бир жазууну 2 секунддун ичинде которууга мүмкүнчүлүктөр бар. 1929-жылдагыга караганда, алда канча өнүккөн заманда жашап жатабыз. Каражатыбызды убактылуу эмес, түбөлүктүү иштерге сарпташыбыз кажет», — дейт Жумакунова.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде  кыргыз тилчилер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз латын алфавитинин» жаңы долбоорун талкуулашкан. Долбоорду Жумакунова иштеп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM