Биз менен байланышыңыз

Мусаев: Парламент латын арибине өтүү маселесин батыраак чечүүсү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 482 | 0

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев «Марал» радиосуна берген маегинде латын арибине өтүү үчүн саясий эрк керектигин билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш латын арибине өтүү маселесин батыраак чечүүсү керек.

«Бизде элдин, окумуштуулардын ою менен эсептешкен бийлик барбы? Биздин бийлик элди укпайт, маселе — мына ушунда. Элди баш ийдирип алуунун эң жакшы куралы — алфавит. Кыргызды чыйралтуу зарыл. Өзүбүздү кичине камчылап, ойготушубуз керек. Базар экономикасына өтсөк да, мени өкмөт багат деп отура бербей, өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Улутту тил гана сактап калат», — дейт Мусев.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилчилер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз латын алфавитинин» жаңы долбоорун талкуулашкан.

Copyright © 2017 Maral FM