Биз менен байланышыңыз

Сыртбай Мусаев: «Жарнак» XVIII кылымдагы уурулардын сөзү, туурасы: «жарнама»

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 760 | 0

Кыргыз терминологиясына «жарнак» деген сөз туура эмес кирип калган. Мындай пикирди бүгүн парламенттин отурумунда КР Өкмөтүнө караштуу Терминология комиссиясынын төрагасы, филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев айтты. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Өз маалында «жарнак» деген сөз туура эмес кирип калган. Анын ордуна Экономика министрлиги тарабынан сунушталган «жарнама» деген сөз туура», — деген профессор бир катар жүйөлөр менен чечмелеп, далилдеди.

Анын пикиринде «жарнама» же «көрнөк» деп айтылса туура болот.

«Жарнак сөзүн илгери, болжол менен XVIII-XIX кылымдарда уурулар бири-бирине доо артканда, же уурдап алган олжону бөлүшкөндө, «үлүш» деген сөздүн синоними сыяктуу колдонушчу экен. Ал убакта кыргыздарда «рекламный щит» болгон эмес», — дейт Сыртбай Мусаев.

Буга байланыштуу эми «Жарнак жөнүндө» мыйзамга редакциялык өзгөртүү киргизилмекчи. Депутаттар колдосо, анда мындан ары «Жарнама жөнүндө» мыйзам деп аталып калышы күтүлүүдө.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында «Жарнак жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору 1-окууда каралды.

Copyright © 2017 Maral FM