Биз менен байланышыңыз

Токаев казак алфавитин латын арибине которуу тапшырмасын берди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 299 | 0

Акорда билдиргендей, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулованы кабыл алды.

Райымкулова Токаевге министрликтин маданият, спорт, туризм, тышкы саясат, ономастика жана архив жаатындагы учурдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Раимкулова мындан сырткары мамлекет башчысынын тапшырмасынын аткарылышы боюнча отчет берди.

Жолугушуунун соңунда Токаев массалык спортту колдоо жана жайылтууга байланыштуу маселелерди өз деңгээлинде ишке ашыруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Президент казак алфавитин латын графикасына которуу маселеси окумуштуулар менен кеңири талкуулоонун негизинде шашылыш түрдө жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM