Биз менен байланышыңыз

Токаев Казакстанда кең көлөмдүү реформаларды баштаганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 313 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө чоң реформалар башталганы тууралуу айтты. Ал 1-сентябрь күнү парламентте 1,5 саат баяндама жасап, бир катар тармактарда жасала турчу реформаларга токтолду.

Токаевдин айтымында, Казакстан саясий, административдик жана экономикалык реформаларга муктаж. «Мен өлкө башчы катары өлкөдөгү саясий абалдын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүм зарыл. Саясий багытыбызды жаңы окуяларга ылайыктап, жарандык коомду да реформалашыбыз керек. Демократиянын негизги душманы — сабатсыздык жана популизм. Мындан улам, биз муну эске алышыбыз шарт»,-деп кошумчалаган Токаев.

Саясий реформалар тууралуу сөз кылган казак президенти, айыл башчы жана айыл өкмөттөрүн элдин добушу менен түз шайлоо керектигин белгилеген. Ал эми ири шаарлардын мэрлерин түз шайлоо да андан кийинки этапка кирерин билдирди.

Белгилей кетсек, Казакстандын азыркы баш мыйзамында шаар мэрлерин президент өзү бекитет. Ал эми жергиликтүү шаарча жана айылдардын башчылары жергиликтүү депутаттар тарабынан шайланат.

Ал эми административдик реформалар алкагында, мамлекеттик кызматкерлердин санын быйылкы жылы 10%, кийинки жылы 15% пайызга кыскартуу каралган. Токаевдин пикиринде, пандемия учурундагы аралыктан иштөө тартиби мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартууга негиз болгон. Ал эми кадрдык кыскартуудан үнөмдөлгөн каражаттар башка мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө жумшалат.

Экономикалык реформаларда болсо, пандемия учурунда жабыр тарткан орто жана чакан бизнестерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле 2020-жылдын экинчи жарымында дарыгерлердин маянасына кошумча төлөп берүү үчүн 150 млрд тенге бюджеттен бөлүнгөн айтылат. Ал эми мугалимдердин айлыгын 2021-жылдан тарта 25%пайызга көтөрүү да эске алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM