Биз менен байланышыңыз

Жумакунова: Латын ариби кирилл алфавитиндеги мүчүлүштүктөрдү жоёт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 486 | 0

Латын ариби кыргыз тилине ыңгайлуу жана кирилл алфавитиндеги мүчүлүштүктөрдү жоёт. Бул тууралуу филология илимдеринин доктору, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, латын арибине өтүү үчүн саясий эрк керек, ал качан жаралары белгисиз. Бирок ага чейинки даярдыктарды жүргүзүү зарыл.

«Кыргыз эли латын арибинен алыс эмес, англисче окуп жатабыз, эл даяр. Кааласак да, каалабасак да бир күнү латын арибине өтөбүз. Эне тилди сактап калуунун жолун ойлоо зарыл. Латын арибине өтсөк деле эл аралык сөздөр тилибизге кире берет. Биз бир тамга — бир тыбыш принцибин алышыбыз керек», — дейт Жумакунова.

Ал документтер кирилл алфавити менен жазылгандыктан, чет өлкөгө чыккан мекендештерде көйгөй жаралып жатканын белгиледи.

«Алып барган документтерди күбөлөндүрө албай, азап тартып жүрүшөт. Ырааттуу алфавит берсек, мындай чаржайыттыктар жоюлмак. Бир чети латын тилинде жарык көргөн чыгармаларды түп нускасында окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — дейт Жумакунова.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде  кыргыз тилчилер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз латын алфавитинин» жаңы долбоорун талкуулашкан. Долбоорду Жумакунова иштеп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM