Биз менен байланышыңыз

Икрамжан Илмиянов 12-ноябрга чейин абакта калды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 426 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу, кеңешчиси, ошол кездеги Президенттик Аппараттын башчысынын орун басары Икрамжан Илмияновду абакта калтыруу мөөнөтү 12-ноябрга чейин жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды.

Илмиянов алдамчылыкка шектелип камакка алынган. Анын алдамчылык жоругунан Беларусия жараны Николай Грамович жабыркап, сотко кайрылган. Бул иш боюнча Салык кызматынын кызматкери Руслан Шакиров да кызмат абалынан пайдаланды деп айыпталып жатат.

Тергөөнүн аныктоосу боюнча бир фирманын жетекчилиги «фирмага байланышкан кылмыш ишти токтотуу жана камакка алынган унааларды чыгаруу маселесин фиарманын пайдасына чечип берүү үчүн» Илмияновго 150 миң доллар берген.

Соттук териштирүүдө отурумга төрагалык кылуучу судья Дамирбек Назаров айыпталуучу Илмияновду тергөө абагында кармоо мөөнөтү 12-сентябрда аяктай турганын эске салды. Мамлекеттик айыптоочулар анын камактагы мөөнөтүн узартууну өтүндү. Ал эми жактоочу Кубанычбек Ташбалтаев каршы чыгып, Илмияновду үй камагына чыгарууну өтүндү.

Судья кеңешүү залына кирип, Икрамжан Илмияновдун абакта калуу мөөнөтүн 12-ноябрга чейин жылдыруу чечимин кабыл алды.

Илмиянов өткөн жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Москвадан кармалган. Учурда ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында камакта.

Copyright © 2017 Maral FM