Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мушкерлер дүйнө чемпионатында таймашып жатышат

Кыска кабар , Спорт | 11 Сен 2019 | 439 | 0

Кыргызстандык мушкерлер бокс боюнча дүйнө чемпионатында таймаштарын улантат. Бүгүн 57 кг самакта Мунарбек Сейитбек уулу рингге чыгат. Мелдештин 1/32 финалдык этабында Мунарбек Беларус мушкери Николай Шах менен кез келет. Бул тууралуу өлкөнүн бокс боюнча федерациясынан кабарлады.

Кечээ 81 кило салмакта таймашып жаткан мушкерибиз Эркин Адылбек уулу мелдешти жеңиш менен баштаган. 1/32 финалдык этапта ал ирландиялык Кейн Такерди утуп алды.

Бокс боюнча мааракелик  XXV дүйнө чемпионаты Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн келген мушкерлер күч сынашууда.

Copyright © 2017 Maral FM