Биз менен байланышыңыз

Екатеринбург шаарында фортепиано марафону башталды

Екатеринбург шаарында 200 адамдын катышуусунда фортепиано марафону башталды. Алардын көпчүлүгү профессионал музыкант эмес. Иш-чара ачык аянтта өтүп, түн ортосуна чейин уланат.

Марафонду Урал Эпилептологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин кандидаты Татьяна Томенко фортепианодо ойноп ачып берди.

«Мен кичинекей кезимден бери фортепианодо ойноп келем. Медицина тармагында 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштейм, бирок бул хобби ар дайым менин жан дүйнөмдү ээлеп келет», — деди Томенко.

Свердлов мамлекеттик балдар филармониясы уюштурган акцияга ​​студенттер жана мектеп окуучулары, кесипкөй музыканттар, күү ышкыбоздору, ар кандай кесиптеги адамдар, дизайнерлер, программисттер, дарыгерлер, экономисттер катышууда. Алар белгилүү музыканттардын жана автордук чыгармаларын ойношот.

Акция Екатеринбург шаарында алтынчы жолу өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM