Биз менен байланышыңыз

Екатеринбургдан учуп келген 17 кыргызстандыктан коронавирус аныкталган жок

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 806 | 0

6-апрелде Екатеринбургдан учуп келген 17 кыргызстандыктан коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

— «6-апрелде Екатеринбургдан 17 жаран учуп келген. Алар ПЧР анализ алынып, анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөттү», — деди Каратаев.

«Урал авиакаттамынын» самолету менен 6-апрелде Кыргыстанга 17 кыргызстандык жаран учуп келген. Ошол эле учак менен Орусиянын 35 жараны Кыргызстандан Екатеринбургга учуп кеткен.

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM