Биз менен байланышыңыз

«Желе-шоу» программасы «Марал-шоу» болуп өзгөрдү

Кыска кабар , Марал шоу | 10 Сен 2019 | 787 | 0

«Марал» радиосу жайкы эс алуудан кийин жаңыртылган студия, жаңыланган заманбап техникалар менен сезонун ачты.

Муну менен катар, бир катар уктуруулар да жаңыланды. Айталы, мурда «Желе-шоу» көңүл ачуучу программасы мындан ары «Марал-шоу» программасы катары жаңыланган форматта чыгып баштады.

Кечээ, 9-сентябрда жаңы студиянын ачылышы болуп, ал бир катар майрамдык уктуруулар менен коштолду. Андай уктуруулардын бири — «Марал-шоу» программасына Кайрат Примбердиев, Курал Чокоев, Алмаз Шаадаев аттуу ырчылар келип, студиянын ачылышы менен куттуктап, угармандарга күлкү-шаң тартуулап кетишти.

Мындан ары «Марал-шоу» уктуруусун 20:00дөн 21:00гө чейин уга аласыздар. Ошондой эле, Facebook’тагы «Радио Марал-MARAL FM» баракчабыздан, Instagram’дагы «radio_maral» баракчабыздан жана «24ТВ» телеканалынан түз көрсөңүздөр да болот.

Copyright © 2017 Maral FM