Биз менен байланышыңыз

Атактуулар тууралуу кызыктуу фактылар

Көңүл ачуу | 14 Сен 2020 | 2271 | 0

Көгүлтүр экрандан жана интернет айдыңынан кездештирип жүргөн дүйнөгө белгилүү жылдыздарды баарыбыз таанып, билебиз. Бирок алар тууралуу кызыктуу фактыларды көптөр биле бербесе керек. Ошондуктан бүгүн сиздер менен кызыктар дүйнөсүнө саякатка чыгабыз.

Көптөгөн тасмаларда роль жаратып, Оскар сыйлыгына жеткен, мыкты актер, каскадер Жеки Чан.

Апасынын курсагында 12 ай жаткан Жеки Чан 5 килограмм салмакта төрөлгөн. Атасы тыңчы болгондуктан, өзүнүн атын Жеки Чан деп өзгөртүүгө туура келген. Жаңы төрөлгөн ымыркайды ата-энеси сатууну каалаган. Актердун сөзүнө караганда, эгер ошол кезде аны сатып салышса, азыр Улуу Британияда врач болуп иштеп жүрмөк экен. Бала кезиндеги каймана аты Чоң мурун болгон.  Ар күн сайын, машыгууга 3 саат бөлөт жана тамакка чектөө киргизбейт. Жеки 80ге жакын кинотасмаларда роль жаратып, анын он биринде каскадер болсо, он бешине режиссерлук кылган. Кайрымдуулук иштерди көп кылган актер 10 жетим баланы багып алган жана чет өлкөдөгү 50миңге жакын кытайлык балдарды каражат жагынан камсыздап турат. Рак оорусуна чалдыккандарга да финансы жагынан көмөк көрсөтөт. Үйүндө эч кандай жардамчысы жок. Бардык үй иштерин өзү аткарат.

 

Грэмми сыйлыгынын 15 жолку ээси, дүйнө жүзүнө өзгөчө бийи менен таанылган, поп музыканын падышасы легендарлуу Майкл Жексон.

Лос-Анжелесте 1958- жылы 29- августта жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын жетинчиси. Майкл 5 жашынан чыгармачылыкка аралашып, өз теңтуштарына ырдап берчү. Атасы абдан катуу киши болгондуктан, үй-бүлөсү абдан коркчу. Ошол себептен, Жексондун карьерасында  атасынын ролу абдан чоң болгон. 1989-жылы поп музыканын падышасы аталган. Дүйнөдө эң ийгиликтүү аткаруучу болуп, 15 Грэмми жана жүздөн ашуун премия алып, 25 жолу Гиннес китебине кирген. Бир миллиарддан ашык альбому сатылган. 1984-жыл ырчы үчүн ийгиликтүү болуп, 8 Грэмми алган. Бир жылда мындай көрсөткүчкө эч ким жетише элек болчу. Ошол эле жылы «Пепси» компаниясынын жарнамасына тартылам деп, Жексон бетин күйгүзүп алган. Ошондуктан компания ага 1,5 млн доллар компенсация төлөп берген. Ушул окуядан кийин Майкл өзүнүн келбетине өзгөчө көңүл буруп баштаган жана бир нече пластикалык операция жасатып, терисин алмаштырган. Оор операциядан улам катуу ооруга чалдыгат. Ырчы өмүрүнүн аягына чейин кайрымдуулук менен алектенген. 2009-жылы 25- июнда Майкл жарык дүйнө менен кош айтышат. 25- июнь күнү Жексондун дарыгери ырчыга оорусуна каршы керектүү дозасын берип,  тынч абалда эс алуусу үчүн аны таштап чыгып кеткен. Келгенде, ырчынын жүрөгү эбак эле токтоп калган болот. Ошол убакыттан тартып эки сааттай дарыгерлер анын жашоосу үчүн күрөшүшөт, бирок алардын аракети жыйынтык берген эмес.

 

 Италиялык улуу сүрөтчү, живописчи, скульптор, архитектор жана анатом, математик, физик Леонардо да Винчи.

Аны көптөр ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу илимпозу, италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ал математика, гидромеханика, география, химия, биология, астрономия илимдерин мыкты өздөштүргөн. “Асман эмнеге көк түстө?” деген суроого биринчилерден болуп жооп тапкан окумуштуу. Анын тарткан бардык сүрөттөрүн 30 млн долларга Билл Гейтс сатып алган. Леонардо оң жана сол колу менен бирдей иштей алган. Белгилүү америкалык актер Леонардо Ди Каприонун ысымы дал ушул окумуштуунун урматына коюлган. Осмон империясынын султаны Баязид үчүн 250 метрлик көпүрөнүн долбоорун иштеген. Кулинарияга дагы кызыгып, тамактын түрлөрүн жасачу. Леонардо «бардык замандын генийи» деген атка конгон. Азыркы биз айдап жүргөн автоунаанын дизайнын түзгөн жана азыр колдонуп жаткан заманбап кайчыны ойлоп тапкан. Леонардо 67 жашында ооруп, төшөккө жатып калат. 1519-жылы 2-майда жакын адамдарынын курчоосунда курман болот. Вазаринин айтымына караганда, улуу сүрөтчү өзүнүн жакын досу, падыша Франциск 1дин колунда жан берген. Сүрөтчү өлгөн соң, чыгармалары уурдалып, бизге кичинекей бөлүгү гана жеткен.

 

Колумбиялык ырчы, ырлардын автору, бийчи, музыкалык продюсер, хореограф жана модель Шакира.

Шакира Колумбияда төрөлсө дагы, түбү Испаниядан болот. Ал 4 жашында ыр жазып баштаган жана 13 жашында биринчи альбомун жаздырган. Мектеп учурунда мугалими ырчынын үнүн жактырбай, хор сабагынан чыгарып салган. Бала кездеги кыялы белгилүү ырчы болуп, муктаж адамдарга жардам берүү болгон. Ал тилеги ишке ашып, дүйнө жылдыздарынын арасында кайрымдуулукту көп кылган ырчы айым катары саналат. Ырчы айым испан, англис, португал, араб жана итальянча сүйлөй алат. Шакирага бийлөөнү чоң апасы үйрөткөн, ошол бийди азыр дагы сахнада аткарып жүрөт. Шакира ырчы, бийчи гана эмес, актриса жаатта өзүн сынап, сексенге жакын кинотасмада роль жараткан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM