Биз менен байланышыңыз

Түндүк Корея жапон деңиздерине карай белгисиз ракетасын учурду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 441 | 0

Түндүк Корея сыноо максатында эки ракетасын учурду. Анын таасири, күчү боюнча Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея да байкоо жүргүзүп жатканын айтышкан.

Түштүк кореялык «Yonhap» маалымат агенттигинин кабарлаганына караганда, Түндүк Корея Пхёнан-Намдо провинциясынан жапон деңизин көздөй эки ракетасын учурган.

Япон бийлиги ракеталар өлкөгө кооп туудурбаганын билдиришкен.

Эске салсак, 24-августта Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жетекчилигинде текшерүү максатында жаңы ракеталар учурулган. Бул сыноо ийгиликтүү аяктаганын кабарлашкан.

Copyright © 2017 Maral FM