Биз менен байланышыңыз

Грузия: Пикетке чыккандар парламент имаратына кой айдап киришти [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 822 | 0

Жаңы премьер-министр катары Георгий Гахарийдин шайланышына каршы болгон жарандык активисттер Грузиянын парламенттик имаратына ондогон койду айдап келишти.

8-сентябрь Грузия парламенти жаңы бийлик өкүлүнө ишеним маселесин карады. Мурунку өкмөт башчы Мамука Бахтадзе кызматтан кетүү арызын берген.

Буга чейин Георгий Гахария Грузиянын ТИМин жетектеген. Оппозиция жана жарандык активисттер июндагы нааразычылык акциясы күчөп кеткен соң, анын отставкасын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM