Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаков: Эң башкысы, сапаттуу билимге басым жасайбыз

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 1318 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги көйгөйлүү тармак экенин жакшы билем. Айрым учурларда чечүүнүн жолдорун өзүбүздүн тажрыйба аркылуу көрсөтүп келүүдөбүз. Бул ишке мен жоопкерчиликти сезүү менен бара жатам. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине талапкер катары колдоо тапкан Каныбек Исаков билдирди.

Ал билим берүү системасындагы приоритетти алгач бала бакча, мектеп, андан соң кесиптик мектептерге жана жогорку билим берүүгө басып жасап, ар биринин ачык-айкын багытын белгилеп, бүгүнкү билим берүү интеграциясына ылайык маселелерди чече турганын билдирди.

«Мүмкүн болушунча билим берүү системасына позитив берели, мугалимдерге ишеним жараталы деп жатабыз. Мугалимдерге жаңы бир дем берели деген ниетим бар. Эң башкысы, сапатуу билимге басым жасайбыз. Өзгөчө мектепте тарбия процессине, окуу китептердин сапатына — балдарга жугумдуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүүгө басым жасайбыз», — деди Каныбек Исаков.

Copyright © 2017 Maral FM