Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ИИМге карасанатай кызматкерлерден арылууну тапшырды

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 349 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон кеңешмеде ИИМге уюштуруу иштерин жолго салууну, кадрдык чечимдер топтомун кабыл алууну жана өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө акыркы учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн, коомдук кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

«Милицияны реформалоо пландары көп жылдардан бери бир топ багытта ишке ашпай келет. Мамлекет милицияны каржылоого, техникалык жабдууну жакшыртууга, жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүгө аракеттенүүдө. Бирок милицияга карата жарандардын ишенимин кайтаруу жана бүгүнкү жагдайды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары көп иштерди аткарууга тийиш», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө уюштурууларды жана кадрдык жаңы киргизүүлөрдү кабыл алып, өз катарын милициянын беделин бузган, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, укук коргоо тутумунда кызматкерлерди ак ниет жана чынчыл иштөөгө, мыйзамды карманууга жана адам укуктарын катуу сактоого дем берген чечимдерди иштеп чыгуу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM